Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 191

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат :

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын иш-чаралар планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Төмөндөгү иш чаралар менен толукталсын:

- Кызыл-Ураан айылына йогурт жана балмуздак чыгаруучу цех сатып алуу жана иштетүү.

- Сугат суу менен камсыздоо жана селден коргонуу үчүн Үч-Терек айылын- дагы Карды-Жарык каналын бетондоп, ремонттон өткөрүү.

- №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин алмаштыруу.

- Үч-Терек Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирургия бөлүмүнө заманбап УЗИ аппаратын сатып алуу.

- Ч.Орозов атындагы ЖДПБнүн хирургия бөлүмүнүн кире беришин жана

- УҮИ (УЗИ ) аппаратын коюучу №4 бөлмөнү капиталдык ремонттон өткөрүү.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Байсабаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дөөлөткелдиев