Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-октябры № 627
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна К.К.Азыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмери К.К.Азыковдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл чарба илимдеринин кандидаты К.К.Азыковдун ысымы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна ыйгарылсын жана мындан ары ал: "К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункттун 11-пунктчасында "Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" деген сөздөр "К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2, 22-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 21-тиркемесинде:
- аталышында жана 1-пунктта түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Кыргызский научно-исследовательский институт земледелия имени К.К.Азыкова" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КДИИИ";
- расмий тилде: "КНИИЗ".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
|
| 2-тиркеме |
|
| "22-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун башкаруу СХЕМАСЫ