Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 193

Үч-Терек айылындагы Карды –Жарык каналын бетондоп ремонттон өткөрүүгө долбоор даярдоо жана өздүк салымын бекитип берүү жөнүндө

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын үч-Терек айылындагы селден коргонуучу жана сугат суу менен камсыздоо үчүн Карды-Жарык каналын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү долбоордук сунуш боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат :

 

1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу, жалпы суммасы 5608091 сомду түзгөн «Сугат суу менен камсыздоо жана селден коргонуу үчүн үч-Терек айылындагы Карды–Жарык каналын бетондоп ремонттон өткөрүү» долбоору жактырылсын.

2. «Сугат суу менен камсыздоо жана селден коргонуу үчүн үч-Терек айылындагы Карды –Жарык каналын бетондоп ремонттон өткөрүү»долбоорунун өздүк салымы үчүн 500миң сом 2023-жылга, 2108091 сом акча каражаты 2024-жылга карата сунушталган, жалпы 2608091сом Токтогул райондук Атайын фонддун каражатынын эсебинен бекитилип берилсин.

3. Бекитилген акча каражатына, Аппараттын атайын каражат эсебинин 3111 статьясына план берүү жагы Токтогул райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы А. Байсабаевке милдеттендирилсин.

5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дөөлөткелдиев