Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-декабрындагы № 194
Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерине өзгөртүү киргизүү жана эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагындагы ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата штаттык бирдиктерине өзгөртүү киргизүү жана эмгек акыларын бекитип берүү жөнүндөгү, ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХXIV сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасы
нын штаттык бирдиктерине өзгөртүү киргизүү жана эмгек акыларын бекитүү №1 тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (Тиркеме тиркелет.)
2. Бекитилген штаттык бирдик менен иш жүргүзүү жагы,”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевге жана башкы бухгалтер А.Сейдалиевага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дөөлөткелдиев |