ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 195
Кызыл-Ураан айылындагы ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылындагы ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан тейленүүчү, ичүүчү таза суунун тарифин бекитип берүү жөнүндөгү, ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылында 2024-жылдын 01-апрелинен тартып, 1м3 ичүүчү таза суунун тарифи калкка 20сом жана калкка кызмат көрсөтүү менен алектенген физикалык жана юридикалык жактарга 53сом 10тыйын эсебинде бекитилсин.
2. Бекитилген тариф менен менен иш жүргүзүү жагы,”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевге тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дөөлөткелдиев |