Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-декабрындагы № 197
Муниципалдык менчикте турган жерди ачык тоорук жүргүзүп сатууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин Үч-Терек айылындагы З.Акаев жана Ш.Мейманкулов көчөлөрүнүн кесилишинин күн-чыгыш тарабындагы, муниципалдык менчикте турган, соода-сатык багытындагы 0,20 чарчы метр жерди ачык тоорук жүргүзүп сатууга макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттар жөнүндө типтүү Жобонун” негизинде, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылындагы З.Акаев жана Ш.Мейманкулов көчөлөрүнүн кесилишинин күн-чыгыш тарабындагы 0,20 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жерди мыйзам чегинде ачык тоорук жүргүзүп сатууга макулдук берилсин.
2. Тоорук жүргүзүүнү жергиликтүү гезиттерге, айыл өкмөттүн расмий сайтына жарыялоону уюштуруу жана мыйзам чегинде өткөрүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге, жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дөөлөткелдиев |