Редакцияот 26.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

  2025-жылдын  26-сентябрындагы №11/10

 

«Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу»

наамын ыйгаруу жөнүндө»

 

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 12.09.2025-жылдагы №01-6/2648 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 23.09.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ирсалиева Гулбарчын Ирасуловнага «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ирсалиева Гулбарчын Ирасуловнага «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин иш жүргүзүүчүсү П.Молдокуловага жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы

 

                 Б.Исмаилов