Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 199

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесине 2024-жылга карата сунуш берүү жөнүндө

Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү М.Көкүловдун 2023-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери боюнча отчетун, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин райондук атайын фонддун каржылоосу менен 2024-жылы аткарыла турган иш–чаралар боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:

 

1. Байкоочу кеңештин өкүлү М.Көкүловдун 2023-жылдын 9-айында жүргүзгөн иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесине, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылы аткарыла турган иш-чаралар тиркемеге ылайык сунушталсын. (тиркеме тиркелет).

3. Айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевке жана Атайын фонддун байкоочу кеңешинин өкүлү М.Көкүловко 2024-жылга карата бекитилген иш–чаралардын аткарылышын жана Токтогул райондук атайын эсептен бөлүнүүчү каражаттын бөлүнүшүн камсыздоо жагы тапшырылсын.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Дөөлөткелдиев