ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 202
Күн –Тийбес участкасынан 0,40 га жайыт жер участогунун багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Саргата айылынын Күн-Тийбес участкасынан, Бетон заводдун түштүк тарабындагы №570 контурдагы 0,40 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. «Күн-Тийбес» участкасындагы № 570 контурдагы 0,40 га жайыт жер аянтынын багытын "Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жагы, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге, жер боюнча башкы адис М.Келгенбаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |