Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-октябры № 659

 

Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана

2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетин кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 99-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.      Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети (мындан ары – республикалык бюджет) тиркемеге ылайык кабыл алынсын.

2.      Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине анын жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде бекитүүгө киргизилсин.

3.      Республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сунуштоо Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев