Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №1
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин, туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, КР ЖӨБ мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/329 сандуу буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүүнү карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга, алардын мыйзамдуу жана уюшкандыкта иш алып баруусуна көмөктөшүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин жана 4 (төрт) туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгө иш пландары бекитилсин. (Иш план тиркелет)
2. Түзүлгөн иш пландардын негизинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
М.М.Козубаев |