Редакцияот 22.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2025-жылы 22-cентябры № 56

 Жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ.

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө 2025-жылдын 4- июнундагы №150 Мыйзамынын 2025-жылдын 4-июндагы№ 149 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин,21-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 24.09.2025-жылдын №01-13/4016 сандуу корутундусуунун  жана Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевтин  баяндамасын угуп, жана талкуулап  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  ХII сессиясы токтом кылат:

 

1. Алтын-Бешик   айыл аймагында жайгашкан  № 1736 контурундагы 0,05 га жайыт жери аянты  жана № 469-контурунда жайгашкан 0.05га жайыт  жер аянты  “Айыл чарба багытындагы   жерлер” котегориясынан” Өнөр жай,транспорт,байланыш,энергетика,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы “ жерлер түрүнө трансформациялоого макулдук берилсин .

3.Ушул токтомдун негизинде  тийиштүү иш кагаздарын  толуктап бүтүрүү жагы  Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу  А.Маматовко    милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Жер, жана мыйзамдуулук  маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы Ж.Матаевге тапшырылсын.

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова