Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 26-марты ПЖ № 101
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курамын актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туристтик уюмдардын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Hospitality Kyrgyzstan" (Хоспиталити Кыргызстан) коомдоштуктарына негизделген Кыргыз Туризм Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Экономикалык палата" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын туристтик дестинациялар альянсынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Too лыжа базалары ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"HoReCa клуб" мейманкана жана ресторан ээлеринин ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).