Редакцияот 22.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2025-жылы 22-cентябры № 60

 Алтын-Бешик айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн “Арал Кен” “  Жоопкерчилиги чектелген коомуна чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн макулдук берүү жөнүндө.

 

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин Жер жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Б.Муратовтун баяндамасын угуп жана талкуулап аталган комиссиянын  22-сентябрындагы №3 протоколунун ,жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорло институту мамлекеттик ишканасынын 26.01.2018 жылдагы №01-8/99 сандуу катынын негизинде,  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы токтом кылат:

                                              

1  Алтын-Бешик айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан  “Арал Кен“Жоопкерчилиги  чектелген коомуна № 5773 АР Лицензиясында көрсөтүлгөн 2026-жылдын 30-ноябрына чейин Алтын-Бешик айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жалпы аянты 374.0 га жер үчүн макулдук берилсин.

1     “Арал Кен“Жоопкерчилиги  чектелген коомуна Экологиялык талаптардын сакталышына көзөмөл жургүзүү жагы,  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу А.Маматовко милдеттендирилсин.

 

2     Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын Жер жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова