Редакцияот 22.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2025-жылы 22-cентябры № 61

Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн түрткү  берүүчү грантка сунуштаган  долбоорун колдоо  жөнүндө.

  Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнө караштуу Газ, Согмент айылдарыга Түрткү  берүүчү гранттын эсебинен курулуучу скважина  (Кудук) куруу үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым төлөп берүү жөнүндө,  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдеттин аткаруучу А.Маматовдун билдирүүсүн угуп, жана  Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы токтом кылат:                        

1      Алтын-Бешик айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Газ, Согмент айылдарыга скважина каздыруу долбоору колдоого алынсын.

 

2     Долбоорду  ишке ашыруу үчүн  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен 8 000 000 сом (сегиз миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3     Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, белгиленген мөөнөттө комиссияга  тапшыруу жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдеттин аткаруучу А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

4       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана   финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова