БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын
2023-жылдын 17-июлундагы № 3
Жер мунапысына кирген турак жайларды мыйзамдаштыруу жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин”Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүңдө жобону бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык, архивдик документтер күйүп кеткендигине байланыштуу 2005-жылдан 2019-жылга чейин отурукташкан элдин мыйзамсыз турак жайларын документтештирүү үчүн ошол маалдагы ген планга ылайык отурукташкан жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовтун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бешик-Жон айыл аймагындагы жер мунапысына кирген, 2005-жылга чейин отурукташкан элдин турак жайы турган жери , ээлеген же участок аянттары-0,20га чейин деп белгиленсин.
2. 2005-жылдан 2019-жылга чейин отурукташкан турак жай, жер аянттары 0,08 га, 0,10 га деп бекитилсин.
3. 2019-жылдан кийинки турак жай, жер аянттары 0,06га деп белгиленсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселери боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Чолпонбаев |