Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 1

Бешик-Жон айыл аймагына Акман айыл аймагын кошуп алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XXXI сессиясы,  аймактык реформанын алкагында айыл аймактарды ирилештирүү боюнча ПЖ 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 жарлыгына, райондук мамлекеттик администрациянын АТР боюнча жумушчу тобунун №1 протонолуна негиз  айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорун  карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ: 

1. Аймактык реформанын алкагында Бешик-Жон айыл аймагына Акман айыл аймагын кошуп алууга макулдук берилсин.

2. Бешик-Жон айыл аймагына Акман айыл аймагы кошулуп жаткандыгына байланыштуу Бешик-Жон айыл өкмөтү Акман-Бешик-Жон айыл өкмөтү болуп өзгөртүлсүн жана борбору Бешик-Жон айылы калтырылсын.

3. Жыйындардагы айыл өкмөт башчысына болгон элдин сунуш пикирлерин эске алуу жагы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке  ашыруу жагы  Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтом жарыяланган  күндөн тартып күчүнө  кирсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу   ” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Бешик-Жон айылдык 

кеңешинин  төрагасы:

 

А.Чолпонбаев