Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-октябры № 632
“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу максатында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 38-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-январындагы № 44 “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна жер участокторун берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан мамлекеттик менчикке төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында жайгашкан, идентификациялык коду 2-03-02-0001-0571, жалпы аянты 199,1 га жер участогун;
2) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Шайыбек Ата айыл аймагында жайгашкан, идентификациялык коду 2-03-03-0004-0452, жалпы аянты 70,5 га жер участогун.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
“22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана алардын рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.”;
– 33-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– токтомдун бүткүл тексти боюнча “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому” деген сөздөр “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Баткен шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Баткен шаарында жайгашкан жана “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун мөөнөтсүз пайдалануусунда турган, идентификациялык коду 8-01-01-0003-0449, жалпы аянты 66 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана анын рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн уставдык капиталга салым катары киргизүү жолу менен “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.
4. “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн жер тилкелерине укуктардын өтүшүн белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |