Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-мартындагы № 8
«Баткен шаарынын 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2024-2025-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-Главасынын 34-беренесинин 2-пункутунун, 2-пункутчасына, КР Бюджеттик Кодексинин 3-Главасынын 13-беренесине жана Баткен шаардык Кеңешинин инвестиция, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 132686,0 мин сом жана 2024-жылга божомолу 141659,6 мин сомго,2025-жылга божомолу 146595,1 мин сомго бекитилсин.
2. Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Баткен шаардык бюджетинин менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2023-жылга шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: (атайын каражаттар менен) жалпы 132686,0 сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. ( статьялар боюнча тиркелет.)
5. 2023-жылга Баткен шаарынын мекеме-ишканаларынан түшкөн атайын каражаттар № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2023-жылга шаардын кайра бөлүштүрүү фонундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 1500 мин сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. 2023-жылга Баткен шаарынын мэриясынын резервдик фонду №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-2025-жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. 2023-жылы Баткен шаарында өзгөчө кырдаал катталган учурда Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментине 500,0 мин сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин
10. Шаардын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары №8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн .
11. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты шаардык “Өрүк зар” коомдук саясий газетасы аркылуу жеткирилсин.
12. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кенешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |