Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февралы №6
«Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын
Темиржол кѳчѳсүнѳ Токтомушева Эркекандын
ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ»
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №01-15/26 «Багыш айылынын Темиржол кѳчѳсүнүн тургундарынын 17.01.2025-жылдагы кайрылуусун негизинде, Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын Темиржол кѳчѳсүнѳ билим берүүнүн ардагери, маркум Токтомушева Эркекандын ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 29.01.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын Темиржол кѳчѳсүнѳ билим берүүнүн ардагери, маркум Токтомушева Эркекандын ысымы ыйгарылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
4.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |