Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февралы №7
«Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын
Новостройка кѳчѳсүнѳ Мурзабеков Раимбектин
ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ»
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 17.02.2025-жылдагы №01-15/48 «Багыш айылынын Новостройка кѳчѳсүнүн тургундарынын 17.02.2025-жылдагы кайрылуусун негизинде, Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын Новостройка кѳчѳсүнѳ коомдук ишмер, маркум Мурзабеков Раимбектин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 17.02.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Багыш айыл өкмөтүнүн Багыш айылынын Новостройка кѳчѳсүнѳ коомдук ишмер, маркум Мурзабеков Раимбектин ысымы ыйгарылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгѳйбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
4.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |