Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февралы №10
«Багыш айыл өкмөтүндө калктуу конуштардын
таштандыларын ташып чыгуу үчүн төлөнүүчү
жыйымды бекитүү жөнүндө»
Багыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-январындагы №01-15/44 катынын негизинде “Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 75-76 беренелерине ылайык Багыш айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн төлөнүүчү жыйым жөнүндө карап чыгып Багыш айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн төлөнүүчү жыйым жеке жана юридикалык жактар ишкерди иши үчүн арналган имараттардын ээлери, мамалекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар, ишканалар жана мекемелер төлөйт, жумушчулардын санын эсепке алуу менен 1 жумушчуга 100 сом өлчөмдө жыйым бекитилип берилсин.
2. Жыйымды төлөө мөөнөтү, жыл сайын 1-майга чейин төлөнсүн.
3. Аталган токтом Багыш айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Акумбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кулмамбетов |