Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февралы №11
«Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын
Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ жайгашкан жеке
менчик 750,33 метр квадрат жер аянтында жайгашкан
клудбун пайдалануу багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин, Сузак районунун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 19-февралындагы №03-3/44 корутундусун негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-ноябрындагы №01-15/674 “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ жайгашкан жеке менчик 750,33 метр квадрат жер аянтында жайгашкан клубдун пайдалануу багытын чайханага өзгөртүүгө макулдук берүү” кайрылуусун, Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовдун сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылынын Б.Калдыбаев кѳчѳсүндѳ жайгашкан жеке менчик 750,33 метр квадрат жер аянтында жайгашкан клубдун пайдалануу багытын чайханага өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, пайдалануу багытын ѳзгѳртүүгѳ керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго жүктөлсүн.
3.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |