Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2025-жылдын 24-февралы №12
«Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы
№170-контурунда жайгашкан 6,5 гектар
жер аянтынын категориясын
которууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 21-февралындагы 01-15/50-1 сандуу « Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №170-контурунда жайгашкан 6 гектар шарттуу сугат жер аянтына Багыш айыл аймагына эл аралык аэропорт курулганына байланыштуу курулушка туш келген 28 турак жай башка жакка кѳчүрүү максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан « Калктуу конуштардын жерлери » категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 22.02.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №170-контурунда жайгашкан 6,5 гектар шарттуу сугат жер аянтын Багыш айыл аймагына эл аралык аэропорт курулганына байланыштуу курулушка туш келген 28 турак жай башка жакка кѳчүрүү максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан « Калктуу конуштардын жерлери » категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду н аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
К.Кулмамбетов |