Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №2
«Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
Беш-Бала айылындагы У.Абдукайимов
атындагы жалпы билим берүүчү орто
мектебине караштуу 1,10 гектар жер
аянтынын категориясын которууга
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/56 сандуу «Беш-Бала айылындагы У.Абдукайимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинине караштуу 1,10 гектар жер аянтына бала бакча куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жайыт жер” категориясынан « Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Беш-Бала айылындагы У.Абдукайимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине караштуу 1,10 гектар жер аянтына “Айыл чарба багытындагы” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына, (социалдык объект бала бакча курууга) которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду н аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |