Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №3
«Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
Балыкчы-Жалал-Абад түндүк-түштүк
альтернативдүү жолунда жайгашкан 0,20
гектар жердин категориясын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/57 сандуу « Сузак райондук Ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн стратегиялык маанидеги Балыкчы-Жалал-Абад түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда №405 ѳзгѳчѳ тунельде катталуучу ѳзгѳчѳ кырдаалдарга ыкчам чара кѳрүү максатында куткаруу кызматына имарат курууга, карта кѳчүрмѳдѳ кѳрсѳтүлгѳн 0,20 гектар жер аянтынын «Айыл чарба багытындагы жайыт жер» категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Балыкчы-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунда №405-контурда жайгашкан 0,20 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жер” категориясынан, “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлери”категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду н аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |