Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-июну № 353
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 258 "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуу деңгээлин жогорулатууну жана сапатын жакшыртууну камсыз кылган темир жол транспортун жана инфратүзүмүн келечекте өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, транзиттик потенциалды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын темир жол комплексинин инвестициялык жагымдуулугун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 258 "2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 3, 8-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А.Касымалиев |