Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №4
«Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
Кѳк-Арт дарыясындагы кум-шагыл
алган жер аянттарынын ижара акысын
бекитип берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/59 сандуу « Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кѳк-Арт дарыясындагы кум-шагыл алган жерлерден ижара акысын 1 гектары 5000 сомдон жана 1 гектарга социалдык пакет 2-3 машина кум-шагылды Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ жеткирип берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кѳк-Арт дарыясындагы кум-шагыл алган жерлерден ижара акысын 1 гектары 5000 сомдон жана 1 гектарга социалдык пакет 2-3 машина кум-шагылды Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ жеткирип берүү менен бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |