Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №6
«Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кызыл-Туу
айылынын Ормонбий-51 дарегине жайгашкан
муниципалдык менчикте турган мечиттин алдындагы
0,10 гектар жерин күрѳш зал курууга ажыратып
берүүгѳ макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/61 сандуу «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кызыл-Туу айылынын Ормонбий-51 дарегине жайгашкан муниципалдык менчикте турган мечиттин алдындагы 1,81 гектар жер аянтынан 0,10 гектар жер аянтты, жаштарга күрѳш залын курууга макулдук берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кызыл-Туу айылынын Ормонбий-51 дарегине жайгашкан муниципалдык менчикте турган мечиттин алдындагы 1,81 гектар жер аянтынан 0,10 гектар жер аянтын жаштарга күрѳш залын курууга ажыратып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |