Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №7
«Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Беш-Бала
айылынын батыш тарабында жайгашкан
эски скважинанын аянтынан 0,70 гектар ичинен
0,50 гектар жер аянтынын категориясын
которууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/56 сандуу «Беш-Бала айылынын батыш тарабында жайгашкан союз маалынан калган эски скважинанын аянтынан 0,70 гектар ичинен 0,50 гектар жерге логистика курууга “Айыл чарба багытындагы жайыт жер” категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Беш-Бала айылынын батыш тарабында жайгашкан союз маалынан калган эски скважинанын аянтынан 0,70 гектар ичинен 0,50 гектар жерге логистика курууга үчүн “Айыл чарба багытындагы жер” категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду н аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |