Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 644
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүндө:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
“51. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун учтугу ушул техникалык өзгөчөлүктүн 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.”;
– бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме |
| |
|
|
|
|
| "5-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНУН УЧТУГУНУН СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун учтугу күмүш түстүү металлдан жасалат жана найзанын учу түрүндөгү каскактын ичине жайгаштырылган байыркы кыргыз элинин негизги эн тамгасынын, түркүктүн, жер шарынын, ошондой эле канатын кере жайган Ак шумкардын сүрөттөлүшүнөн турат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун стандарттык учтугунун өлчөмдөрү: бийиктиги - 0,3221 м, туурасы - 0,18 м. Бирок учтуктун өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун өлчөмдөрүнө жана пропорцияларына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Учтук - бул туунун каскагынын металл учу, ал каскакка втулканын жардамы менен бекемделген. Тарыхый жактан кыргыздарда учтук баалуу металлдардан жасалган. Мисалы, "Манас" эпосунда: "Айчыгы алтын кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу" деген саптар кездешет. Согуш жана коргонуу учурунда ал найза катары да кызмат кылган. Тынчтык мезгилинде салтанатты, даңктуулукту, айбаттуулукту жана жогорку искусствону билдирген.
Эн тамга - байыркы кыргыздардын негизги тамгасы. Ал көз карандысыздыктын, кубаттуулуктун, тең салмактуулуктун жана адилеттүүлүктүн символу.
Жер шары - тынчтыктын жана меймандостуктун символу, бүткүл адамзаттын мекени жана уясы.
Түркүк - кыргыздын "Манас" эпосунда Манастын өзүн сүрөттөөдө "Асман менен жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй" деген саптар кездешет. Байыркы кыргыздар да дөөлөт менен байлыкка ээ болгондо жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өздөрүн элдин тирөөчү менен салыштырган. Түркүктөгү учтукта эн тамга, жер шары жана Ак шумкар кармалып турат.
Ак шумкар - ак шумкар эркиндикти, айкөлдүктү, адилеттүүлүктү, тазалыкты, эрдикти жана берилгендикти билдирет.".