Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №10
« Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу №36 кесиптик
лицейдин колдонуусунда жүргѳн Сай-Тал участкасындагы
Кѳк-Арт дарыясынын сол жегинде жайгашкан 52 гектар
сугат жерди Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 06-мартындагы 01-15/69 сандуу « Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу №36 кесиптик лицейдин колдонуусунда жүргѳн Сай-Тал участкасындагы Кѳк-Арт дарыясынын сол жегинде жайгашкан 52 гектар сугат жерди Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жөнүндө» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу №36 кесиптик лицейдин колдонуусунда жүргѳн Сай-Тал участкасындагы Кѳк-Арт дарыясынын сол жегинде жайгашкан 52 гектар сугат жерди Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык
саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |