Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-мартындагы № 10
Муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча коэффиценттерин бекитүү жөнүндө” 2018-жылдын 21-июндагы Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №01-8/25 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орагандары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1;4 -пункутуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 1-марттагы катына, шаардык Кеңештин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу маселелери боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 9-марттагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. “Муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктообоюнча коэффиценттерин бекитүү жөнүндө” 2018-жылдын 21-июндагы Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №01-8/25 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Шаар аймагында муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктообоюнча өзгөртүү киргизилген коэффиценттер №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөртүү киргизилген коэффиценттер шаар калкына шаардык расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
4. Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага шаардык Кеңштин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын 2023-жылдын 13-мартындагы № 10 токтомуна №1 тиркеме
Муниципалдык менчик жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча коэффиценттер
Ижара акылардын көлөмүн аныктоо тартиби
1. Бир айлык ижара акынын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Иа = С х S х К1 х К2, мында:
Иа - бирайлык ижара акынынкөлөмү (сом менен);
С– КыргызРеспубликасынынколдонуудагымыйзамынаылайыкжерсалыгынынчени (сом менен);
S– жеручастогунунаянтычарчы метр менен;
К1-функционалдыкбагытынынкоэффициенти, мында ал төмөнкүучурлардатөмөнкүгөбарабар болот:
0,5 – үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн;
1 - унаа токточу жайлар;
1,5 – бассейндер, көлөкөлөтүүгө курулган навестер, спорттук обьекттер;
4– антракцион орнотуулар, ж.б. эс алуучу парктарга же стадионго орнотулган батуттар, (мөөнөттү болуп түзүлүшү мүмкүн), тирлер;
5 - кийим тигүүчү жайлар, цехтер, курулуш материалдарын чыгаруучу жайлар(пескоблок), курулуш материалдарын сатуучу жайлар
6 - гараждар, күзөт будкалары, нан сатуу күркөлөрү, бут кийим оңдоо күркөлөрү, гезит күркөлөрү, байланыш түйүндөрү, офистер, бизнес борборлор,аялдама дүкөнү,башка жактан кирүүчү түзүлүштөрү бар кайра жасалган үйлөр, авикасса жана билет сатуучу жайлар; ж.б.;
10- сулуулук салону жана чач кыскартуучу жайлар, мончолор, киоскалар,дүкөндөр(100м.кв. чейин)
12 - сүрөт кызмат көрсөтүүлөр, интернет байланышы кызмат көрсөтүүлөр пункттары, банкоматтар, соода павильондор, дарыканалар, ларектер дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүлүчү сода, көчөдөгү сода түйүндөр,;
14 - убактылуу аянтчалар, жалпы тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары, унаа жуучу жайлар, мейманкалар, акча алмаштыруу түйүндөрү, банктар, ломбардтар, оюн-зоок жайлары, дүкөндөр(100м.кв. жогору);
30 – май куйуучу жайлар, жарнамалык контрукциялар(щиттин жарнамалык аянттына карата эсептелет);
- Уюлдук байланыш мунаралары үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 5220 сомдон кем эмес көлөмдө белгиленет;
- Суусундуктарды сатуу көчмө түйүндөрү жана сатураторлор үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 400дөн 600 сомго чейин көлөмдө бир түйүн үчүн белг
- Борбордук стадион 1 күндүк ижара акысы 25 000сомдон 50 000 сомго чейин төлөнөт. Ал эми үгүт иштери боюнча бир күндүк ижара акы 50 000сомдон жогору эсептелет.
К2 - баа зонасынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
1-зона үчүн К2=3,5
2-зона үчүн К2=2,5
3-зона үчүн К2=1,9
Эскертүү:
Баа зоналарынын сүрөттөлүшү:
1-зона
- “И.Жусупов көчөсү” “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден “Жибек Жолу” көчөсүнө чейин;
- “Сайдиман ажы” көчөсү “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден Сайга чейин;
- “Ч.Айтматов” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден Баткен областтык ооруканага чейин;
- “К.Сабыров” көчөсү “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден “М.Салихов” көчөсүнө чейин;
- “И.Раззаков” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден “Чынар” бакка чейин;
- “Султанмурат Минбашы” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден “М.Сейдалиев” көчөсүнө чейин;
- “Т.Садыков” көчөсү “М.Салихов” көчөсү менен кесилишкен жерден Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
- И.Жусупов көчөсү М.Нургазиев көчөсү менен кесилишкен жерден стадионду айланып, областтык поликлиникага чейин;
- М.Нургазиев көчөсү Т.Садыков көчөсү менен кесилишкен жерден Р-4 каналына чейин;
- “Жениш”,”Жаштык” парккы;
- К.Турмаматов көчөсү М.Салихов көчөсү менен кесилишкен жерден сайга чейин;
- Коммунизм көчөсү М.Нургазиев көчөсү менен кесилишкен жерден Интернационал көчөсүнө чейин;
- Кыргызстан көчөсү И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерден Султанмурат Минбашы көчөсүнө чейин;
- Т.Садыков көчөсү Жибек Жолу көчөсү менен кесилишкен жерден Р-4 каналына чейин;
2-зона.
- Келечек кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер;
- Кызыл-Дөн кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер;
- Базар-Башы кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер;
- Кызыл-Жол кварталы, Баткен –Исфана жолу (магистралдык каналдан баштап,мечитке жакын жайгашкан аялдамага чейин)
3-зона
- Булак-Башы кварталындагы жайгашкан жерлер;
- Кызыл-Жол кварталындагы 1-2 зонага кирбей калган жерлер;
2. Ижарачы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан берилген эсептер боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын счетуна төлөө жолу менен жер салыгы төлөнөт.
3. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участогунун убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык кайтарып бергенге чейин же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акы төлөп турууга укуктуу.
Жооптуу катчы: | Ж.Алдашова |