Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №11
«Сузак районунун “Ардактуу атуул”
наамын ыйгарууга сунуш берүү жөнүндө»
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 12-мартындагы 01-15/71 сандуу «Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамын Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына ыйгарууга сунуш берүү жөнүндө» кайрылуусун негизинде жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 12.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамын тѳмѳнкү Багыш айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына ыйгарууга Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берилсин:
-Аттокуров Молдобай Джапарович - Октябрь айылынын айыл башчысы;
-Ормоков Абдымиталип Ормокович -Ленин айылынын айыл башчысы;
-Рыскулов Исмаил Оморович-Багыш айылынын айыл башчысы;
-Токтаев Арстанбек Мавлянович- Жыгач-Коргон айылынын айыл башчысы;
-Эшпаев Шекербек Кошматович- Беш-Бала айылынын айыл башчысы;
-Жылчымышев Замирбек Эгембердиевич – Ленин айылынын тургуну;
-Исмаилов Жусуп Осмоналиевич- Багыш айыл ѳкмѳтүнүн ардагерлер кеңешинин тѳрагасы.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин
Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын
тѳрайымы Ж.Маматкановага жүктѳлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |