Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 12-марты №12
«Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу
Жыгач-Коргон айылында №284-контурундагы
0,20 гектар жердин категориясын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексин негиздеп, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 10-мартындагы 01-15/66 сандуу «Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Жыгач-Коргон айылындагы №284-контурундагы 0,80 гектар жердин 0,20 жерине реабилитациялык борбор куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын 07.03.2025-жылдагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Жыгач-Коргон айылындагы №284-контурундагы 0,20 жерине реабилитациялык борбор социалдык объект куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан «Ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, аталган жерди которууга керектелген иш кагаздар топтомун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековго милдеттендирилсин.
3.Токтомду н аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат, ѳзгѳчѳ кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Ж.Сейдахматовго жүктѳлсүн.
4.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | К.Кулмамбетов |