Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-мартындагы № 11
Баткен шаарынын 2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын инфратүзүмүн жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн түзүлгөн иш чарасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 3;5-пункуттарынын жана Баткен шаардык Кеңешинин инвестиция, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын 2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын инфратүзүмүн жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн түзүлгөн иш чарасы бекитилсин (№1 тиркеме)
2. Шаар калкына токтом шаарды “Өрүкзар” коомдук саясий газетасы, шаардын расмий сайты жана социалдык тармактардагы расмий баракчалар аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкрмасына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |