Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-мартындагы № 12
Баткен шаарынын Аэропорт кварталынын Файзуллаев көчөсүнүн тургуну С.К.Мураталиеванын жеке менчик 1364,5 м2 (Ц-2) “Жергиликтүү маанидеги тейлөө борборунун жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы” турак-жай жер аянтынын 279,06 м2 жер аянтын (Ц-1) “Соода сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пункцтуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-марттагы №02-6/49 катыны , Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Аэропорт кварталынын Файзуллаев көчөсүнүн тургуну Мураталиева Сайдиниса Кудайбердиевнанын жеке менчик 1364,5 м2 (Ц-2) “Жергиликтүү маанидеги тейлөө борборунун жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы” турак-жай жер аянтынын 279,06 м2 жер аянтын (Ц-1) “Соода сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. С.К.Мураталиеванын жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |