Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-мартындагы № 13
Баткен шаарынын Келечек кварталынын Жаштык көчөсүндөгү Калматов Асылбек Абдиламитовичтин жеке менчик 396,0 м2 өлчөмүндөгү Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө борборун жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы ) турак-жай жер аянтынын, 87 м2 бөлүгүн Ц-1 (соода-сатык багытына) өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пункцтуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 25-февралдагы катыны, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Келечек кварталынын Жаштык көчөсүндөгү Калматов Асылбек Абдиламитовичтин жеке менчик 396,0 м2 өлчөмүндөгү Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө борборун жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы ) турак-жай жер аянтынын, 87 м2 бөлүгүн Ц-1 (соода-сатык багытына) өзгөртүүгө макулдук берилсин
2. А.Калматовдун жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |