Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ДЕПУТТАРДЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 18 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН

 

 

2023-жылдын 13-январындагы № 18/1

 

 

Байзак айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесин”, “Токтомуш” СПАсынын,“Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын жана “Көлмө” ИСКАКБнын тарифин бекитүү жөнүндө.

 

Байзак айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесин”, “Токтомуш” СПАсынын,“Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын жана “Көлмө” ИСКАКБнын тарифин бекитүү жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат.

1. Байзак айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысы бодо малдарга 100 (жүз) сом майда жандыктарга 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.

2. “Токтомуш” СПАсынын бир 1 га жерге бир жолу сугаруу үчүн 150 (жүз элү) сом болуп бектилсин.

3. “Көлмө” ИСКАКБынын таза сууга болгон тарифи үйгө киргизип алгандарга киши башына айына 20 (жыйырма) сомдон ал эми көчөдөн ташып ичкендерге киши башына айына 10 (он) сомдон бекитилсин.

4. “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын тарифи ар бир түтүнгө айына 50 (элүү) сомдон болуп бекитилсин.

5. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айылдык

кенешинин төрайымы

 

 

М. Молдалиева