БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 14
Баткен шаарынын Базар -Башы кварталынын И.Раззаков көчөсүндөгү Абабакиров Алишердин жеке менчик 107,13 м2 өлчөмүндөгү Ц-1 (Шаардын борборун мамлекеттик жана коммерциялык ишмердүүлүк ) багытындагы жер аянтын, Ж-1 (турак- жай) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 25-февралдагы катыны, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын И.Раззаков көчөсүнүн тургуну Абабакиров Алишердин 107,13 м2 өлчөмүндөгү жеке менчик өлчөмүндөгү Ц-1 (коомдук ишмердүүлүктү жана коммерциялык активдүүлүктү жүргүзүү зоонасы) Ж-1 (жеке менчик турак-жай) багытындагы жер аянтын багытына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Абабакиров Алишердин жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |