Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 16

 

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.Абдуллаеванын 0,50га өлчөмүндөгү менчик “Таштактуу жайыт жер аянтын”, “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан, “Социалдык, коммуналдык-тиричилик, соода-сатык” багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пункцтуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-марттагы №02-6/49 катыны , Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Абдуллаева Батма Ысаковнанын 0,50га өлчөмүндөгү менчик “Таштактуу жайыт жер аянтын”, “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан, “Социалдык, коммуналдык-тиричилик, соода-сатык” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Б.Ы.Абдуллаеванын жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов