БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 17
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын И.Раззаков көчөсүндөгү Жунусалиев Дыканалинин 1000,0 м2 өлчөмүндөгү Ц-1 (Шаардын борборун мамлекеттик жана коммерциялык ишмердүүлүк ) багытындагы жер аянтын, Ж-1 (турак- жай) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пункцтуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 25-февралдагы катыны , Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын И.Раззаков көчөсүнүн тургуну Жунусалиев Дыканалинин 1000,0 м2 өлчөмүндөгү жеке менчик өлчөмүндөгү Ц-1 (коомдук ишмердүүлүктү жана коммерциялык активдүүлүктү жүргүзүү зоонасы) Ж-1 (жеке менчик турак-жай) багытындагы жер аянтын багытына өткөрүүгө макулдук берилсин
2. Жунусалиев Дыканалиге жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |