Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ДЕПУТТАРДЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 18 КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫНЫН

 

 

2023-жылдын 13-январындагы № 18/2

 

 

Байзак айыл аймагындагы Маданият үйүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Байзак айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2023-жылдын 8-январындагы № 1 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2023-жылдын 8-январындагы № 1 протколуна ылайык депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Байзак айыл аймагындагы маданият үйүнө Байзак айыл аймагынын тургуну маркум Тентиев Айбектин ысымы ыйгарылсын жана “Тентиев Айбек атындагы маданият үйү” деп аталсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.

 

Байзак айылдык

кеңешинин төрайымы

 

 

М. Молдалиева