Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-мартындагы № 18
Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “Баткен-Автобаза” муниципалдык мекемесинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларынын баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орагандары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пункутуна,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралдагы “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүөрдүн бирдиктүү реестирин (тизмегин) бекитүү жөнүдө №85 токтомунун негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 7-марттагы кызматтык катына, шаардык Кеңештин бюджет, салык, экономика,инвестиция, өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу маселелери боюнча комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “Баткен-Автобаза” муниципалдык мекемесинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларынын баасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаар аймагында “Баткен –Автобаза” МИ акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баалары шаар калкына, шаардык расмий сайт аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага шаардык Кеңштин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |