БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 13-мартындагы № 19
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын “Календардык майрамдарды майрамдоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө” № 62 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрдагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин, 2-пунктунун, 1-пунктчасына жана шаар калкына жарык маанай, шаңдуу майрамдарды тартылоо максатында Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын “Календардык майрамдарды майрамдоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө” № 62 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтом шаар калкына жайылтылсын
3. Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңштин төрагасынын орун басары А.Мурзалиева тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |