Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №2
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жана каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын 2024-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо жөнүндө»
2024-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин отчёттук маалыматы, каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун бюджеттин аткарылышы боюнча берген маалыматы менен таанышып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 34-беренесинин 2-6-пунктарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин отчёттук маалыматы, каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматы 2024-жылдын жыйынтыгы менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
М.М.Козубаев |