Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №3
«2025-жылга Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын инфраструктурасын жана калктын жашоо денгээлин жогорулатууга, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталган Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты сациалдык жактан коргоо программалары менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 34-беренесинин 3-пунктарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары бекитилсин.
2. Программага киргизилген иштерди өз убагында аткарууда айыл аймагынын кызматкерлери менен айылдык кенештин тиешелүүлүгүнө карата туруктуу комиссиялары тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге милдеттендирилсин.
Төрага |
М.М.Козубаев |