Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №4
«Каныш-Кыя айыл аймагынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүңдө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун маалыматын, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын справкасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 27-беренесинин 3-пунктуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2025-жылга карата 288 819 000 (эки жүз сексен сегиз миллион сегиз жүз он тогуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2025-жылга карата 288 819 000 (эки жүз сексен сегиз миллион сегиз жүз он тогуз миң) сом, анын ичинен атайын каражат салыгына 9 144 900 (тогуз миллион бир жүз кырк төрт миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүгө жана коммуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак-ашына, сапар чыгымдарына жумшалары белгиленсин.
4. Кыргыз Рсепубликасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 2% же 5 514 100 (беш миллин беш жүз он төрт миң бир жүз ) сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн.
5. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде 2024-жылдан калган акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү 3-тиркемеге ылайык жана атайын каражаттар эсебинен калган каражаттар 4-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
6. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу көлөмү 2026-жылга 306 882 200 (үч жүз алты миллион сегиз жүз сексен эки миң эки жүз) сом, 2027-жылга 330 870 800 (үч жүз отуз миллион сегиз жүз жетимиш миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл аймагынын каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерине белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |