Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 05-мартындагы №5
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин Типтүү этика кодексин бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1 беренесине, Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/328 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын типтүү этика кодексин бекитүүнү карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары наамын, коомдогу социалдык аброюн жогорулатуу үчүн айылдык кенештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелерин сактоо менен ушул Типтүү кодекстин негизинде иш алып баруу максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин Типтүү этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мыйзамдуулук, укук тартиби, жер аталышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
М.М.Козубаев |