Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 81
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалынын директору И.Б.Сансызбаевдин аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 3-ноябрындагы №32 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө филиалдын директору И.Б. Сансызбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалына (И.Б. Сансызбаев) бирдиктүү терезенин иш аракетинин эффективдүүлүгүн камсыздоо тапшырылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |